Теннеси штатындагы мектепте ок атылып, 6 адам каза болду. Шектүү аял атып өлтүрүлдү

27-март күнү эртең менен АКШдагы Теннесси штатынын Нэшвилл шаарында The Covenant School менчик мектебине кол салуудан алты адам каза болгонун CNN билдирди. Каза болгондордун арасында үч бала жана үч чоң киши бар.

«Кылмышты 28 жаштагы аял киши кылган. Алгачкы маалыматтарда шектүүнүн өспүрүм кыз экени айтылган. Ал эми кечки маалымат жыйынында полиция башчысы аял-трансгендер экенин айтты», — деп билдирет AP.

Окуя болгон жерге барган полиция шектүүнү мектептин 2-кабатынан атып өлтүргөн. Полиция окуянын конкреттүү себептерин атаган жок жана ал буга чейин бул мектепте окушу мүмкүн деп божомолдошууда. Каза болгон балдар 9 жашта.