АКШнын чыгышындагы Теннесси штатында болгон селден кеминде 10 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Хамфрис округунун шерифи Крис Дэвиске таянуу менен жазып чыкты. «Дагы 31 киши дайынсыз болууда, — деди ал.
Теннесси штатындагы суу ташкынына жума күндөн бери жаап жаткан нөшөрлүү жамгыр себеп болгон. Айрым шаарларда күнүмдүк жаан-чачындын рекорду (38,6 см) жаңыртылды. Теннесси штатындагы Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги суу каптоонун кесепетинен үчүнчү деңгээлдеги коркунучту жарыялады жана жашоочуларды унаа башкарбоого, суу каптаган жолдордон алыс болууга чакырды.