Дүйнөдөгү эң өзгөчө адамдардын бири — Эшли Моррис. Ал Австралияда жашайт. Анын сууга аллергиясы бар.
Өзгөчө адам душка түшө албайт, бул аллергиялык реакцияга алып келип, денесинде тактар пайда болот. Эшли денеси сууга тийгенден кийин өлүп калбашы үчүн дары-дармектерди кабыл алып турушу керек.
Көйгөйлөр тонзиллит менен ооругандан кийин 14 жашында башталган. Аны сактап калуу үчүн ага пенициллиндин 2 дозасы сайылган. Организмдин терс реакциясы өзүн абдан кызыктай жана адаттан тыш түрдө — сууга болгон аллергиялык реакция менен көрсөткөн.
Дерматологдор Эшлинин ден соолугун текшерип, ар кандай анализдерди жана текшерүүлөрдү жасашты, бирок абалы жакшы болгон эмес.
Кээде тактары кызарып, абдан кычышып баштайт. Бул олуттуу ыңгайсыздыкты жаратат. Сууда сүзүүнү, бассейнде машыгууну, жалпы эле спортту унутууга туура келген, анткени Эшлиге тердөөгө да болбойт. Ал жакшы желдетилген, салкын бөлмөлөрдө көп убакыт өткөргөнгө аракет кылат, күн тийгенде гана кол чатыр менен сыртка чыгат. Эң өкүнүчтүүсү, көйгөйдү дарылоо мүмкүн эмес.