«Терминал» тасмасынын прототиби, Париждин аэропортунда 18 жыл жашаган качкын каза болду

«Терминал» тасмасынын прототиби, Париждин аэропортунда 18 жыл жашаган качкын каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Париждин Шарль-де-Голль аэропортунда 1988-2006-жылдар аралыгында жашаган Меран Карими Насери аттуу ирандык качкын каза болду. Аэропорттун расмий өкүлү анын өлүмүнө жүрөгүнүн согуусу токтоп калганы себеп болгонун билдирди. Ал бир эле Стивен Спилбергдин 2004-жылы чыккан «Терминал» тасмасынын эмес, Филипп Лиоренин 1993-жылы көрсөтүлгөн «Асмандан кулагандар» фильминин прототиби болгон.

Меран Карими Насери 1945-жылы Иранда туулган. Ал Улуу Британияда билим алып, ал жактан мекенине кайтып барган соң, түрмөгө түшүп калган. Ал жактан чыккандан кийин документтери жок өлкөдөн чыгарышкан. Ал бир канча өлкөдөн баш калка алууга аракет кылган, бирок жыйынтыгында Париждин аэропортуна калып калган. Ал 1999-жылы Францияда качкын макамын алганы менен аэропорттон дароо кетүүдөн баш тарткан. 2006-жылдан тартып ал атайын баш калкалоочу жайда жашаган, бирок каза болгонго чейин бир канча апта мурда аэропортко кайтып келген болчу.