Тесланын адам сымал роботу эми түстөрдү айырмалай алат (видео)

Тесланын адам сымал «Optimus» роботунун акыркы версиясы көрсөтүлдү. Тесла бир жыл мурун чыгарган «Optimus» роботу азыр объекттерди өз алдынча сорттоого жөндөмдүү экенин көрсөттү. Социалдык тармактарда жарыяланган кыска видеодо «Optimus» атайын белгиленген түстөрдү ажыратып, аларды өз ордуна коё алары көрсөтүлдү.

Робот мындай аракетти үйрөтүлгөн нейрон аркылуу жасайт. «Optimus» буттарынын жайгашкан жерин так аныктап, колдору менен көк жана жашыл түстөгү оюнчуктарды адашпай өз ордуна коё алат.