«Тез жардам чакыр дегем». Көзү ачык Бишимбаевдин айтканын четке какты

Астанада Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча соттук отурум уланууда. Учурда сотто соттолуучу Куандык Бишимбаев дарыгерлердин ордуна кайрылган шымкенттик көзү ачык көрсөтмө берип жатат.

Көзү ачык жабык сот отурумунда сурак берүүнү суранган, анткени анын айтымында, коркутуулар болуп жаткан. Сот өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырды.

Сурак маалында көзү ачык Бишимбаевге дароо тез жардам чакырууга кеңеш бергенин айткан. Анын айтымында, экс-министр ага ар дайым телефон чалып, тажаткан. Күбө ошондой эле Бишимбаевден көзү ачыктын «Салтанат ойгонот» деген билдирүүлөрүн жазып берүүнү суранганын айтты.