Казакстандык студент Тик-Ток тартып жатып сууга түшүп, ошол боюнча чыкпай калган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Кечээ, 7-июнь күнү Казакстандын Актау шаарында жергиликтүү окуу жайдын студенттери Тик-Ток тартып жатышкан. 18 жаштагы 1-курстун студенти пирстен сууга секирип, ошол боюнча чыкпай калган. Куткаруучулар баланы табыша электиги айтылат.








