TikTok 1 миллиард долларга сатылгандан кийин акциялары дагы он эсе өскөн

«Учурда көп өлкөдө, анын катарында АКШда TikTokту жабуу талкууланып жатат. Бул жөн гана саясат». Мындай пикирин TikTokтун Америка жана батыш өлкөлөрүн көзөмөлдөгөн түптөөчүсү Алекс Хофманн билдирди.

«2015-жылы бизге көп инвесторлор кызыгып, биз 15 миллион доллар инвестиция тартканбыз. Кийин 75 миллион доллар, ошентип баш-аягы 100 миллион доллардай инвестиция тарттык. Алардын баары ири өлчөмдө киреше табышты. Кийин биз TikTokту 1 миллиард долларга сатканыбызда алар бул баалуу компаниянын бир бөлүгү катары калышты. Андан көп өтпөй компания акциялары дагы 10 эсеге өстү. Бир кезде кытай компаниялары америкалыктардын жасаган бардык ишин кайталайт деп айтылчу. Бирок учурда кытай компаниялары инновация жолунда, тескерисинче батыш ишканалары кытайлыктардын ишин кайталап жатат», — дейт Алекс Хофманн.

Musical.ly 2014-жылы негизделип, ал өспүрүмдөр арасында популярдуулукка жеткен. Анын ошол кезде 100 миллион колдонуучусу бар эле. 2015-жылы аталган компаниянын башчылыгына Алекс Хофманн келген. 2018-жылы Bytedance компаниясы аны сатып алып, ал TikTok деп аталган.