Tiktok жылдын эң популярдуу роликтерин атады

Tiktok жылдын эң популярдуу роликтерин атады. Алар — капибару, кызыл желектер жана Австралиядагы кой менен ит тууралуу видеолор.

Соцтармакта 2023-жыл ичиндеги видеолордун тенденциясына ички иликтөө жүргүзүп, жетекчилиги төмөндөгү видеолор бүт дүйнөдөгү миллиарддан ашуун адамга эргүү жана билим берип, алардын көңүлүн ачканын айтты.

Эң мыкты видео — Австралиядагы койлорду кайтарган ит, нандан даам жасоону үйрөтүү, капибаранын башына мандаринди үйүп коюу.


Эң мыкты музыка — Cupid–Twin Ver (FIFTY FIFTY) ырынын тездетилген версиясы, ажырашуунун гимни болгон If We Ever Break Up (Мэй Стивенс) ыры, 2014-жылы чыккан Collide (Жастин Скай) деген тректин тездетилген версиясы.

Жаңы жылдыздарСабрина Бахсун — Лондон метросундагы кыз, Макс — тамак жасоону шоуго айланткан ашпоз, Мохаммед Шами — Жакынкы Чыгыштагы үй-бүлөлүк тамашаларды жаратуучу, Плуто — беш жаштагы трюктарды сүйкүмдүү жол менен үйрөткөн бордер-колли.

Жаңы хиттери менен эски жылдыздарКим Лоаиза, Селена Гомес, BLACKPINK, BTS, Фейд.




Башкы тренддер жана эффекттер — кызыл, жашыл жана саргыч боз желектер, мультфильмдегидей ИИ фильтр жана картаюу.