TikТok Орусияда фейктер жөнүндө мыйзамдан улам ишин токтотту

TikTok орус армиясынын аракеттери тууралуу жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынганына байланыштуу Орусияда убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

«Орусиянын «фейк жаңылыктар тууралуу» жаңы мыйзамына ылайык, биз бул мыйзамдын коопсуздугубузга тийгизген кесепеттерин эске алып, соцтармакты токтотуудан башка аргабыз жок. Муну менен колдонмодогу билдирүүлөр кызматы таасир этпейт», — деп айтылат Twitter билдирүүсүндө.

«TikTok – бул адамдар чоң трагедияга жана обочолонууга дуушар болгон согуш учурунда жеңилдиктин жана адамдардын байланышынын булагы боло турган чыгармачылык жана көңүл ачуу платформасы. Бирок биздин кызматкерлердин жана колдонуучулардын коопсуздугу биздин башкы приоритетибиз бойдон калууда», — деп билдиришти компаниядан.