ТikTok өз жанын кыюуга байланышкан видеолордун 90 пайыздан ашыгын бир сутканын ичинде өз алдынча өчүрөт. Бул тууралуу Интерфакс аталган интернет-сервиске шилтеме берүү менен жазып чыкты.
«Биз суицидге же өзүнө-өзү зыян келтирүүгө алып келүүчү иш-аракеттерди сүрөттөгөн, жайылткан, кадыресе кылып көрсөткөн же даңазалаган материалдарды жайгаштырууга жол бербейбиз. Колдонуучулардын өмүрүнө коркунуч келтирген иш-аракеттерди жасашына жол бербөө үчүн сервистин эрежелерин бузган видеолорду алып салабыз жана тиешелүү хештегдерди жаап салабыз», — деп жазылат ТikTok’тун маалыматында.
Буга чейин TikTok сервисинде өспүрүмдөрдү массалык суицид акциясына катышууга үндөгөн видеотасмалар жарыяланган болчу.