Тиктокто «Энелер» деген видео 17 миллиондон ашуун көрүлдү. Эгиздер 84 жылдан бери окшош кийинишет

АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында эже-сиңди эгиздер Энн Маккуин жана Сьюзен Бриггс 84 жылдан бери окшош кийинип келишет. Алар тууралуу «Энелер» деген видео Тиктокто 17 миллиондон ашуун көрүлдү.

Аларды апасы окшош кийинте турган, бирок кыздар чоңойгондо бул жөрөлгөнү өмүр бою улантмай болушкан. 84 жашка келип калган эгиздердин бир гана тышкы көрүнүшү окшош болбостон, алардын хобби жана кызыгуулары да окшош. Атүгүл, кыздардын атасы кимиси ким экенин араң ажырата турган.

Эгиздердин бири дүкөнгө барып, кийим алып калса, ал дароо экини сатып алат. Көрүшүп калган учурда алдын ала сүлөшүп алып, кийинип барышат. Эгиздерди жашаган шаарында дээрлик баары таанышат. Жакында эле эгиздердин биринин небереси видео тартып, аны жарыялаган. Видеодон кийин алардын атактуулуугу арта түшкөн. Эже-сиңдилерге да популярдуулук жаккан. «Азыр дүйнө ушундай жаман кырдаалда турат. Ошол үчүн башкаларга кубаныч тартуулоо жакты», — дешкен алар.

Эже-сиңдилер башка-башка мектепте мугалим болуп иштеген. 1-апрель күндөрү алар бири-биринин классына күтүүсүздөн барып, чогуу сабак өтүшкөн, албетте, окуучулар таң калуусун жашыра алышкан. Экөөнүн тең төрттөн балдары бар, 20дан ашуун неберелери да бар, кыбыра көрүп да калышкан.