ТикТоктун Орусиядагы кызматкерлерине Армения, Казакстан жана Кыргызстанга көчүү сунушталганы айтылды

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин аталган өлкөдөгү ТикТоктун кеңсесинин кызматкерлерине үч өлкөгө – Арменияга, Казакстанга жана Кыргызстанга көчүрүү сунушталган. Бул тууралуу РБКга өздүк булактар билдирген. 

26-октябрда ТикТок Чыгыш Европадагы глобалдык бизнес-чечимдердин жетекчиси Анастасия Панина өзүнүн LinkedIn баракчасында компания Казакстанда жаңы кеңсесин ачып жатканын, аны өзү жетектей турганын жарыялаган. 

РБКнын маектештеринин биринин айтымында, атайын аскердик операция башталганга чейин TиkToктун орусиялык кеңсесинде 200-300 кызматкер иштеген, алардын айрымдары Орусияда болгон эмес. Ал эми азыр ар бир үчүнчү кызматкер башка өлкөлөрдө.