ТИМ: «Пакистандагы терактта жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок»

Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Пакистандын Кветта шаарында болгон терактта каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилиги Кветта шаарында жүргөн Кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта. Пакистанда жүргөн Кыргыз жарандары зарыл болгон учурда жардам же консультация алуу үчүн +923303717771 жана +923350802525 номурларына чалса болот», — деп айтылат маалыматта.

Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарындагы темир жол станциясында жардыруу болуп, 24 киши каза болуп, 40тан ашууну жаракат алган.