«Time» журналынын тандоосу менен Илон Маск «Жылдын адамы» аталды

Америкалык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Time журналынын тандоосу боюнча «Жылдын адамы-2021» деп табылды.

«Жылдын адамы» наамынын жаңы ээси Илон Маск басылманын Twitter баракчасына жарыяланган атайын видеодо көрсөтүлдү.

«Дүйнөдөгү эң бай адамдын үйү жок жана жакында эле байлыгын сатып жиберди. Илон Маск Teslaнын дагы бир үлүшүн дээрлик 1 миллиард долларга сатты. Ал жумушун таштап, блогер болууну ойлонуп жатат. Ал орбитага спутниктерди чыгарат жана күн энергиясын колдонот; ал өзү жасаган, бензин колдонбогон, айдоочунун дээрлик кереги жок машинаны айдайт. Анын ар бир сөзүнө ишенимдүү күйөрмандардын армиясы жабышып турат”, — деп белгилейт Time. 

Журнал Илон Масктын SpaceX ракета компаниясы Американын космостук келечегине ээ болуу үчүн Boeing жана башка компанияларды басып өткөнүн жазды. Анын Tesla унаа компаниясы электр унаа рыногунун үчтөн экисин көзөмөлдөйт. Муну менен Маск 250 миллиард доллардан ашык байлыгы менен тарыхтагы эң бай адам болду.