Тина Канделаки казакстандыктарды маңкуртка салыштырды

Тина Канделаки казакстандыктардын нааразычылыгына жооп кайтарып, аларды маңкуртка салыштырды. Казакстандагы темир жол станцияларынын аталышын өзгөртүүнү жактырбаган орусиялык теле алып баруучу казак коомчулугунда тепкиде калды. Бул тууралуу «Орда» жазды.

Буга жооп катары Канделаки «аталыштарды өзгөртүү кооптуу иш» деп билдирди. «Урматтуу казактар, сиздерде жөнөкөй, бирок кеңири «мәңгу» деген түшүнүк бар. Андан белгилүү маңкурттун – эс-тутумун, өздүгүн, кээде акылын жоготкон адамдын образы чыгат. Өзүңдү жана болгон нерселердин баарын эстеп калбоо, тарыхты анын ичинде тарыхый аттарды четке кагуу – бул жөн эле сабатсыздык эмес, космосто учуп жүргөндөр үчүн эмес, жерде жашагандар үчүн коркунучтуу иш», — деп жазган теле алып баруучу өзүнүн Telegram каналында.