Тирүүлөй көмүлгөн блогер 7 күн жер алдында кантип жашады? (видео)

Америкалык ютубер MrBeast адаттан тыш эксперимент кылды. Ал 7 күн жер астында табытта жатты. Бир  жума башынан эмнелер өткөнүн ал видеодо көрсөтүп, айтып берди. 

Ютубер өз каналында видеосун жарыялады. Бул видео 64 миллиондон ашык көрүлгөн. Ал эксперименттин алдында кайталоого болбой турганын эскертет. 

«Жер астындагы саякатка» барардын алдында блогер костюм кийип алган. Ютубер тамак жана суу толтурулган атайын табытка жатты. Ошондой эле алар табытта баары жакшы экенине ынануу үчүн камераларды орнотушкан. Андан кийин табыт көмүлүп, ага экскаватор 9 тонна топурак таштаган.