«Титаникте» болгон алтын саат аукциондо 1,38 миллион еврого сатылды

«Титаник» кемесинде болгон америкалык миллионер Жон Жейкоб Астордун алтын сааты Улуу Британиядагы аукциондо рекорддук суммага сатылды. Тагыраагы анын жаңы кожоюну бул үчүн 1,38 миллион евро төлөдү.

Аукцион үйүнүн берген маалыматына ылайык, бул «Титаникте» болгон алтын сааттын сатылышы менен аталган кемедеги эң кымбат буюмга айланды. Буга чейин рекорддук баа кеме чөгүп жаткан учурда ойнотулган скрипкага таандык болчу. Ал аукциондо алтын сааттан бир аз эле баага арзан сатылган.