«Титаниктеги» Жекти аман алып калуу мүмкүн беле? Даректүү тасманын трейлери чыкты

«National Geographic» басылмасы 5-февралда чыга турган режиссер Жеймс Кэмерондун чакан даректүү тасмасынын трейлерин жарыялады.

«Титаник» тасмасынын финалына байланыштуу тартыш 25 жылдан бери токтобой келет. Көрүүчүлөрдүн көбү азыркыга дейре Жекти аман алып калууга мүмкүн экенин, тактайдын үстүндө эки адамга жетиштүү орун болгондугун айтып келишет.

Соңунда режиссер бул өңдүү талаш-тартыштан тажап, эксперимент жүргүздү. Ага суучул, каскадер жана эксперттерди тартып, тасмада көрсөтүлгөн тактайды да өзүндөй кылып кайра жасашкан.