Кечээ, 28-июнда «Титаникти» көрөм деп каза болгондордун батискафынын калдыктары океандын түбүнөн чыгарылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Канадалык ЖМКлардын маалыматына ылайык, батискафтын калдыктары издөө-куткаруу операциясы аяктагандан кийин бир аптадан соң суу үстүнө чыгарылды.
18-июнда туристтердин батискафы 1912-жылы Атлантика океанынын түбүнө, 3800 метр тереңдикке чөгүп кеткен белгилүү «Титаник» кемесинин калдыктарын көрүү үчүн суу астына түшүп, дайынсыз жоголгон. 23-июнда АКШнын Жээк коргоо кызматы батискафтын экипажы толугу менен набыт болду деп жарыялаган.
Бортто 5 адам болгон, анын ичинде Улуу Британия менен Франциянын окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү бар. Action Group компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Хэмиш Хардинг да бортто болгон. «Титаникти» көрүү экскурсиясы 8 күндөн турат жана анын баасы 250 миң доллар. Экскурсиянын жүрүшүндө кырсыкка кабылган кемени көрүү да каралган. Суунун түбүнө түшүү жана кайра чыгуу баш-аягы 8 саатты алат.