«Титаникти» көрүү үчүн түшкөн батискаф… Туристтер каза болду деп жарыяланды

1912-жылы Атлантика океанынын түбүнө, 3800 метр тереңдикке чөгүп кеткен белгилүү «Титаник» кемесинин калдыктарын көрө турган туристтердин батискафы 18-июндан тартып дайынсыз болуп жаткан. Бортто 3 күнгө гана жеткен кислород бар экендиги маалымдалган болчу.

Бүгүн, 23-июнда АКШнын Жээк коргоо кызматы батискафтын экипажы толугу менен набыт болду деп жарыялады. Бул билдирүү куткаруу-издөө иштеринин жүрүшүндө батискафтын калдыктары табылгандан кийин жасалды. Ал «Титаник» чөккөн жерден бир чакырымга жетпеген жерден, океандын түбүнөн табылды.

Бортто 5 адам болгон, анын ичинде Улуу Британия менен Франциянын окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү бар. Action Group компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Хэмиш Хардинг да бортто болгон.

«Титаникти» көрүү экскурсиясы 8 күндөн турат жана анын баасы 250 миң доллар. Экскурсиянын жүрүшүндө кырсыкка кабылган кемени көрүү да каралган. Суунун түбүнө түшүү жана кайра чыгуу баш-аягы 8 саатты алат.