«Титаниктин» эң жогорку сапатта тартылган алгачкы видеосу

Интернетте чөгүп кеткен «Титаниктин» жаңы кадрлары пайда болду. Ал изилдөөчүлөр тобу тарабынан 110 жыл мурун чөгүп кеткен лайнерге кезектеги суу астындагы миссия учурунда тартылган. Бул тууралуу New York Post жазды.

«Титаник» 1912-жылдын 15-апрелине караган түнү жээктен 600 чакырым түштүк-чыгышта Канаданын Ньюфаундленд аралында айсберг менен кагылышуудан кийин чөгүп кеткен. 

Биринчи жолу чөгүп кеткен лайнердин кадрлары 8К резолюцияда тартылган – мындай деталдаштыруу кеменин мурда жетүүгө мүмкүн болбогон фрагменттерин көрүүгө мүмкүндүк берет.  OceanGate компаниясынын май айындагы экспедициясы учурунда тартылган. Бирок, кадрлар интернетте жаңы эле пайда болду.