«Той бүткүчө сөөк өлүкканада жаткан». Индияда үйлөнүү тоюнда каза болгон кыздын ордун сиңдиси алмаштырган

Индияда үйлөнүү тоюнда каза болгон кыздын ордуна турмушка сиңдисин узатышкан. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя Гуджарат штатында болгон. Вишал деген киши менен Хетал аттуу кыздын тою болуп жаткан. Үйлөнүү үлпөтү учурунда кыздын башы айланып, эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, дарыгерлер анын жүрөк оорусу кармап каза болгонун айтышкан.

Кыздын атасы каргашалуу окуяга карабай, күйөө балага колуктунун сиңдисин аялдыкка алууну сунуштап, тойду токтотпоого чакырган. Вишал макул болгон. Ал эми Хеталдын сөөгү үйлөнүү аземи аяктаганга чейин өлүкканада жаткан.