Тойдо бийлеген балакайдын видеосу интернетти «жарды» (видео)

Балакай Азиз тартылган видео социалдык тармактарда укмуштуудай популярдуу болуп жатат. Tengri Life видеодогу балакай тууралуу кененирээк айтып берди. 

Учурда видеону 56 миллиондон ашык адам көргөн. Баланын апасы Акнур Амангос билдиргендей, ал уулу Азиз экөө Кандыагаш кичи шаарчасында турушат. Шаардагы кафелердин биринде официант болуп иштеген аял уулун жалгыз багат. Азиз профессионалдык бий менен али алектене элек.

«Болжол менен бир-эки жума мурун тойго барганбыз. Видео социалдык тармакка жүктөлгөндөн кийин ар кандай адамдар жазып, мага чала башташты, алар Азиздин бийлегенин жактырганын белгилешти. Видеонун ушунчалык популярдуу болуп жатканына уулум экөөбүз аябай кубанып жатабыз. Тилекке каршы биздин шаарда ал бара турган бий ийримдери жок. Келечекте мен ага бийге барууга уруксат берем», — деди апасы.

@garifullabk #ембі #тойхана # ♬ оригинальный звук — ГарифуллаБК