Токаев: «Согушчандар Казакстанга коңшу өлкөдөн гастарбайтердей болуп учуп келишкен»

Казакстандын президенти «Хабар 24» телеканалына маек берип, анда Касым-Жомарт Токаев январдагы башаламандыкта Алматынын аэропорту бир максат менен басып алынганын айтты. «Ал максат — бул шаарга гастарбайтерге окшоп учуп келген согушчандарды киргизүүнү камсыздоо болчу», — дейт казак президенти.

Ал тергөөнүн маалыматына шилтеме берүү менен башаламандыкта катышкандарды ал иш үчүн атайын «борбор азиялык шаардын биринен» учуп келген адамдар болгонун айтат. Бирок ал кайсы шаар экенин тактаган эмес. «Алар даярдыктан өткөн согушчандар болгон. Адегенде гастарбайтерге окшоп учуп келишип, аларды аэропорттогу чек ара көзөмөлүнөн өткөрүшүп, шаарга киргизген соң, алар операцияны башкарууга өтүшкөн», — дейт Токаев.