Токио Олимпиадасы күйөрмандарсыз өтөт

Ушул жайда Токиодогу Олимпиада оюндары чет элдик күйөрмандарсыз өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим уюштуруучу комитет тарабынан коронавирус пандемиясына байланыштуу кабыл алынды. Ал эми Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына билеттерди сатып алууга жетишкен чет элдик күйөрмандарга компенсация төлөнөт. Ошондой эле уюштуруучу комитет чет элдик ыктыярчылардын кызматынан баш тартуу жана оюндарга катышкан өлкөлөрдүн делегацияларынын санын чектөө жөнүндө чечимин карап жатат.