Токио Олимпиадасында спортчулардын парады болбойт

Токиодогу Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары ачылыш аземинде салттуу параддан баш тартууну чечишти. Мындай чечим 15-июлда Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бахтын катышуусундагы өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынды.

Уюштуруу комитети жана ЭОК спортчулардын ден соолугун биринчи орунга коюшат. Олимпиаданын ачылыш аземине катышуучулардын санынын чектелиши коронавирустун жайылуусун алдын алуу менен да байланыштуу.

Ар бир спортчунун максаты — Олимпиада оюндарына катышуу жана көптөн бери күтүлүп жаткан старттын өтүшүнө эч нерсе тоскоол болбошу керек.

Туу көтөрүүчүлөрдүн салтанатка катышуу маселеси дагы ачык бойдон калууда. Уюштуруу комитети жакынкы аралыкта бул маселени чечүүгө аракет кылат.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасынын параддык формасын «Дилбар» мода үйү тигип берген. Бирок форма коомчулук тарабынан кызуу-талкууга алынган.