Токиодо жүздөгөн адамдар Олимпиадага каршы нааразычылык акциясына чыгышты (видео)

Токио Олимпиадасына нааразы болгон жарандар чогулду. Бул тууралуу OstWest телеканалы билдирди.

Токио Олимпиадасына каршы нааразычылык акциялары ачылыш аземине бир саат калганда түз эфирде көрсөтүлдү.

«Япон эли Олимпиада оюндары коронавирустун жайылышына алып келет деп чочулашат. Эл аралык мелдешке катышкан спортчулардын жана башка катышуучулардын арасында буга чейин инфекциянын көп учурлары табылган. Акыркы сурамжылоолорго ылайык, өлкө калкынын 55 пайызга жакыны Олимпиаданы жактырбайт», — деп жазылат маалыматта.