Токиодо быйыл сакура эрте гүлдөй баштады (сүрөт, видео)

14-мартта Токиодо сакуранын гүлдөө мезгили расмий түрдө башталды. Бул тууралуу The Japan Times гезити жазды.

Көбүнчө кеңири таралган сорт марттын аягында гүлдөйт, бирок быйыл биринчи бүчүрлөрү эки жума эрте байлаган.

Токиодогу сакуранын гүлдөө мезгили расмий түрдө борбор калаанын борборундагы атайын «контролдук» дарактын биринчи беш гүлү ачылганда башталат. Аны Япониянын метеорологиялык башкармалыгынын адистери кылдаттык менен байкап, марттын башынан бери бардык сакура бактарын текшерип жатышкан.