Токиодогу аэропортко конуп жаткан учакта өрт чыкты (видео)

Токио аэропортунда учак конуп жатканда өрт чыкты. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында (Кыргызстандын убактысы боюнча саат 15:00) Ханэда аэропортунда болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Japan Airlines авиакомпаниясынын учагы менен Япониянын коопсуздук кызматынын учагы сүзүшкөн. Аэропорттун камераларынан жана күбөлөрдүн видеосунан көрүнүп тургандай, өрт конуу маалында чыккан. Учурда окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары учакта 300дөн ашуун жүргүнчү болгонун кабарлашты. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. Учак жергиликтүү Japan Airlines авиакомпаниясына таандык.