Москва шаарында токтоп турган алты унааны тоноп кетишти. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министрлигинин өкүлү Екатерина Гузь билдирди.
Анын айтымында, 40 жаштагы шаардын тургуну көчө боюнда токтоп турган 6 унаанын айнегин чагып, ичин тоноп кеткен. Уурдалгандардын арасында 6 видеорегистратор жана бир радар-детектор бар. Азырынча кармалган жаран 6 унааны карактоого гана шектелип жатат. Ал уурдаган буюмдарын сатканга да жетишкен. Учурда тергөө иштери уланып жатат. Эгер анын күнөөсү аныкталса, 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.