Токтоп турган 6 унаанын айнегин чагып, тоноп кеткен шектүү кармалды

Москва шаарында токтоп турган алты унааны тоноп кетишти. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министрлигинин өкүлү Екатерина Гузь билдирди.

Анын айтымында, 40 жаштагы шаардын тургуну көчө боюнда токтоп турган 6 унаанын айнегин чагып, ичин тоноп кеткен. Уурдалгандардын арасында 6 видеорегистратор жана бир радар-детектор бар. Азырынча кармалган жаран 6 унааны карактоого гана шектелип жатат. Ал уурдаган буюмдарын сатканга да жетишкен. Учурда тергөө иштери уланып жатат. Эгер анын күнөөсү аныкталса, 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.