«Толготуп барган келинди кезекке тургузушкан». Орусияда ымыркайдын өлүмү боюнча иш козголду

Новосибирск шаарында баланын курсагында каза болгондугу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Тергөө комитетинин облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 2022-жылдын июнь айында болгон. Аял дарыгерлердин айтуусу менен толгоосуна карабай төрөт үйүндө кезекте отурганын ЖМКлар жазып чыгышкан. Кесепетинен бала төрөлгөндө эле чарчап калганы белгилүү болгон. 

Аталган факты боюнча “керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугуна жооп бербеген жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.