Тоңкулдак АКШдагы 20дан ашуун унаанын айнегин, күзгүсүн сындырды (видео)

АКШнын Рокпорт шаарынын тургундары бир нече аптадан бери 20дан ашуун унаанын айнегин жана күзгүсүн сындырган вандалдан жапа чегишүүдө. Кийин алар вандалдын кадимки тоңкулдак экенин билишкенин АКШнын басылмалары жазышты.

Канаттуунун мындай жоругун зоопарктын директору түшүндүрүп берген. Анын айтымында, тоңкулдак жупташуу мезгилинде ургаачысынын көңүлүн бурууга аракет кылат жана өзүн айнектен же күзгүдөн көрүп, өзүн атаандаш деп ойлоп алып, аны тумшугу менен койгулап жатат.