Тоолуу-Бадахшан автономунда абал курч. Террорчулукка каршы операцияда 9 адам көз жумду

Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунда абал курчуп, Тажикстан бийлиги террорчулукка каршы операциясын жүргүзүп, жыйынтыгында террордук топтун делген 8 мүчөсү жок кылынып, 11и жарадар болду. Андан сырткары террордук топтун делген 70 активдүү мүчөсү кармалганы маалымдалды. Ички иштер министрлигинен 1 офицер каза болуп, 13 аскер ар кандай жаракат алганын, бирок шаар тургундары жабыр тартпаганын билдиришти.

Ички иштер министрлиги кагылышууга чет жактагы күчтөрдүн таасири болуп жатканын айтып чыкты. «Террорчулар эл аралык террордук мекемелердин колдоосунда сырттан курал-жарактарды алышкан жана террордук иш-аракеттерди жасоо, провокация уюштуруу үчүн атайын жалданма адамдар алынып келген» дешти алар.  Жергиликтүү маалымат каражаттарында оор курал-жарактар колдонулганы айтылууда. Учурда Тоолуу-Бадахшан Автономдуу облусунда интернет өчүрүлгөн.

14-май күнү Хорог шаарынын жүздөгөн жаштары нааразылык акциясына чыгып, автономдуу облустун башчысы Алишер Мирзонаботту жана шаар мэри Ризо Назарзоданы отставкага кетирүү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салуу, Бадахшан жашоочуларын куугунтуктоону токтотуу талабын коюшкан. Нааразы жаштар Хорогдун борборун көздөй баратышканда укук коргоо органдары желим ок менен жаш чыгаруучу газ чыгарып, митингчилерди сүрүп чыгуу операциясын жүргүзүшкөн.