Казак президенти тепкен топ башка, дарбазага кирип гол болгон топ башка… Видеосу талкуу жаратты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Саржансай айылындагы спорт комплексине барганда гол киргизе топ тепкен. Социалдык тармактын колдонуучулары президент башка түстөгү топту тээп, бирок башка өңдөгү топ менен гол киргенин байкашкан.

Видео президенттин Telegram-каналына жарыяланды.