«Төрөлүү аз болуп жатат». Японияда балдарга бата берүү аземине ит-мышыктарын алып барышууда

Японияда төрөлүү азайып жатканы үчүн адамдар иттерине кимоно кийгизип, балдарга бата берүү аземине алып барышууда. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды. 

Ноябрдын орто ченинде япондор 7, 5 жана 3 жаштагы балдар үчүн Сити-го-Сан ырымын жасашат. Алар храмдардагы салтанатта ден соолук жана бакыт тилешет. Бир нече жылдан бери уланып келе жаткан төрөлүүнүн төмөндөшүнөн улам үй жаныбарларынын ээлери майрамга кошулууну чечишип, аземге ит-мышыгын алып бара башташкан. Мындан улам Зама храмында атайын ит-мышыктар сыйынган бөлүм жасалды.

Дин кызматкеринин айтымында, быйыл храмга 120га жакын жаныбар келет. «Жыл өткөн сайын балдардын саны азайып баратат, натыйжада ит-мышыгына сүйүүсүн салгандар көбөйүүдө. Биз үй жаныбарларынын ээлерине иттери менен мышыктары 3, 5 жана 7 жашка чыкканда Кудайга ыраазычылык билдириши үчүн Зама храмынан орун берүүнү чечтик», — деди ал.