«Төрөттөн кийинки депрессияда болгон». Казакстанда келин 2 баласынын өлүмүнө шектелип кармалды

Казакстандын Актөбө облусунда аял эки баласынын өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Маалыматка караганда, кылмыш Кандыагаш шаарында болгон. «23-март күнү Кандыагаш шаарында эки кичинекей баланын жансыз денеси табылган. Алардын өлүмүнө шектелип Атырау облусунун тургуну — энеси кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал төрөттөн кийинки депрессияда болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иш ИИМдин облустук башкармалыгынын жетекчисинин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Полициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү 1996-жылкы. Ал Атырау облусунан Кандыагаш шаарына ата-энесиникине барган. Балдар 11 ай жана 3 жашта болгон. 

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, келин балдарын жаздык менен басып өлтүргөн.