Төрт жыл бою энергетик ичкен казакстандык реанимацияга түштү

Алматы облусунун тургуну төрт жыл бою күнүгө энергетикалык ичимдиктерди ичкен соң реанимацияга түшкөн. Анын абалы өтө оор экендигин Tengrinews.kz жазды. 

Облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришкендей, эркек киши көкүрөгү ооруганына нааразы болуп, көп тармактуу клиникалык ооруканага жаткырылган. Туугандары ал төрт жыл бою күн сайын энергетикалык суусундук ичкенин айтышкан. 

«Дарыгерлер текшерүүдөн кийин жүрөктүн өнөкөт жетишсиздиги деген диагноз коюшкан. Бул жүрөктүн иштөөсү бузулуп, анын натыйжасында органдар кычкылтектин жетишсиздигинен жабыркайт. Учурда анын абалы өтө оор болгондуктан, дем алдыруучу аппаратта жатат», — деп билдиришти департаменттен.