«Трагедия кайталанышы мүмкүн». Казакстанда өлтүрүлгөн 5 жашар кыздын атасы шектүүнүн үйүн буздуртууну талап кылды

Сарыагаш районунда каза болгон 5 жашар кыздын атасы өкмөткө кайрылганын Tengrinews.kz билдирди.

Атасынын айтымында, педофил-киши өлтүрүү боюнча соттолгон адамдын үйүнө аракечтер жана селсаяктар чогулуп алышат. Атасы трагедия кайталанышы мүмкүн деп чочулайт.

«Ал үй азыр аракечтердин уясына айланды. Бир нече күн мурун кошуналарым чалып, жарык күйүп турганын айтышты. Кошуналар анын үйүнө барышып, арак менен стакандар жатканын көрүшүптүр. Бул үй эбак эле алкаштардын чордонуна айланган. Өкмөттөн бул үйдү толугу менен бузуп, үйдүн аймагын мамлекетке алуусун суранабыз. Элге пайдасы тийген жер болсун»,- деди ал. 

Эскерте кетсек, үрөй учурган окуя жайында Жибек Жолу айылында болгон. 5 жаштагы кыз чак түштө дайынсыз болуп кеткен. Аны бүт айыл издеп жүрүп, акыры кошуна үйдүн чатырынан табышкан. Андан кийин туугандары анын денеси көгөргөн жана кесилген жерлери бар экенин айтышкан. Үйдүн 48 жаштагы ээси дароо камакка алынган. Маалым болгондой, кылмышка шектүү мурда эки жолу соттолгон. Алгач адам өлтүрүү, андан кийин таанышынын денесине балта менен оор залал келтиргендиги үчүн 10 жыл жазасын өтөгөн. Бул жолу сот айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратып, химиялык кастрацияга жана моралдык чыгым үчүн 100 миллион теңге төлөп берүүгө өкүм кылды.