АКШ президенти Дональд Трамп AFP агенттигине берген телефондук маегинде эки жумага ок атууну токтотуу жана ушул мөөнөткө Ормуз кысыгын ачуу АКШ үчүн «толук жана абсолюттук жеңиш» экенин билдирди. Анын айтымында, бул «шексиз 100 пайыздык жеңиш».
Агенттик Ирандагы байытылган уран тууралуу сураганда, Трамп бул маселе «эң мыкты жол менен чечилет, болбосо мен келишимге макул болбойт элем» деп жооп берген. Ошол эле учурда ирандык мамлекеттик ЖМКлардын маалыматына караганда, Тегерандын 10 пункттан турган сунушу Ислам республикасына уран байытууга уруксат берүүнү карайт.
Трамп ошондой эле Кытай Иранга келишим түзүү үчүн басым көрсөткөнүн айткан. Кытай — Иран мунайынын негизги сатып алуучусу, ал эми май айында Трамптын Бээжинге сапары пландалып жатканы белгиленет.
АКШ президенти кошумчалагандай, Иран менен сүйлөшүүлөр 15 пункт боюнча жүрүүдө, алардын көбү буга чейин макулдашылган. «Эми эмне болорун көрөбүз. Макулдашууга жетишебизби — убакыт көрсөтөт», — деп жыйынтыктады Трамп.