Дональд Трамп Голивудду болуп көрбөгөндөй өзгөртүү максатында Сильвестр Сталлоне, Мел Гибсон жана Жон Войтту аймактагы атайын элчи кылып дайындады. Бирок алардын жоопкерчилиги эмне болору азырынча белгисиз. Трамп аларды аймактагы көзү жана кулагы болорун билдирди.
Элчилердин бири болгон 69 жаштагы Мел Гибсон дайындоо жөнүндө «Мен чакырууну уктум. Жаран катары колумдан келишинче жардам жана кеңеш берүүгө даярмын» деди. Гибсондун Малибудагы үйү Лос-Анжелести каптаган өрттөн улам талкаланган.
Өрттөн кийин күлгө айланган Голливуддун алтын доорун кайрадан жаратуучу үч актёр тең Трамптын шайлоо өнөктүгүндө кызмат кылышкан.