АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациядан бир нече күн өткөндөн кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү уюштурууну жардамчыларга тапшырган. Бул тууралуу CNN жазды.
Сүйлөшүүнүн максаты — Украинадагы жаңжалды токтотуу үчүн жакынкы айларда бетме-бет жолугушууну талкуулоо. Трамптын инаугурациясы бүгүн, 20-январда өтөт. Буга чейин ал Путин менен сүйлөшө турганын билдирген. Бирок Дмитрий Песков Кремлде жолугушууну уюштуруунун жаңы деталдары жок экендигин айткан. Трамп Newsmax’ка берген маегинде «Мен муну эртерээк кылмакмын, бирок кызматка киришүү керек» деген.