Трамп иш бөлмөсүндөгү кызыл баскычты басып, эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү

АКШнын президенти Дональд Трамп журналистке столундагы кызыл баскычты көрсөтүп, аны басты. 

Ак үйдүн сүйрү кабинетиндеги президенттин столунда турган кызыл баскыч диеталык кола алдырыш үчүн керек. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Fox телеканалынын журналисти Лаура Инграмга билдирди.

«Эгер мен бул кызыл баскычты бассам дүйнө жок болот деп ойлошот», — деген ал Ак үйгө киргендер бул баскычты куралды учурууну активдештирүү үчүн керек деп ойлошконуна капа болду.