АКШнын президенти Доналд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен байланышты калыбына келтирүүнү пландап жатканын FoxTVге берген маегинде билдирди. «Мен аны менен кайрадан байланышам»,- деди америкалык лидер.
Буга чейин, 2019-жылдын июнь айында Трамп Ким Чен Ын менен демилитаризацияланган аймакта жолуккан. Бул АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин биринчи жолугушуусу болгон.
Мындан тышкары, Трамп Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен болгон мамилесине комментарий берип, пандемияга чейин алар жакшы болгонун белгиледи. «Кытай дымактуу өлкө, анын башчысы да. Биз жакшы мамиледе болгонбуз», — деп кошумчалады Трамп. Буга чейин АКШ президенти Кытайдын товарларын импорттоого 10 пайыздык тарифтерди 1-февралдан тарта киргизерин айткан эле.