АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп Ак үйдө азыркы президент Жо Байден менен жолугушту. Бул Байден менен Трамптын президенттик шайлоодон кийинки биринчи жолугушуусу.
Sky News жазгандай, жолугушуу 2 саатка созулган. Жолугушууда Байден бийликти кийинки президентке тынчтык жолу менен өткөрүү ниетин айтты, ал эми Трамп процесс мүмкүн болушунча тынч өтөрүн айтты.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Дональд Трамп 312 шайлоо добуш алды. Демократиялык партиянын талапкери Камала Харрис 226 добуш алды. Трамптын инаугурациясы 2025-жылдын 20-январында болот.