Трамп менен Путиндин Кытайдагы жолугушуусу аяктады
Трамп менен Путиндин Кытайдагы жолугушуусу аяктады. Жолугушуу болжол менен 40 мүнөткө созулду.
Сүйлөшүүлөр башталар алдында Трамп Путинди өзүнүн досу деп атады. «Биздин мамилебиз көптөн бери жакшы. Бири-бирибизди көп жылдан бери тааныйбыз», — деди АКШ президенти. Путин болсо билдирүү жасаган жок.
Жолугушууга Орусия тараптан Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Каржы министри Антон Силуанов, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана президенттин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышты. АКШ делегациясынын курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио жана Каржы министри Скотт Бессент болду.
Кремлдин маалыматына караганда, сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири Орусиянын Украинага каршы согушу болду.
Жолугушуу аяктагандан кийин эки президент тең журналисттерге комментарий берген жок.
19-ноябрда Шэньчжэнь шаарында Трамп, Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу да пландалган.