Трамп мыйзамсыз мигранттарга АКШнын Мексика менен чектешкен жеринен өтүүгө тыюу салды

АКШнын президенти Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттардын түштүк чек арасы аркылуу өтүшүн токтотуу жана аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча буйрукка кол койгонун Ак үй билдиргенин дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Дональд Трамп ошондой эле түштүк чек арасы аркылуу өлкөгө кирген мигранттардын башпаанек суроо шылтоосу менен ал жакта калуу укугун чектеди.

Ал Улуттук коопсуздук департаментине, Юстиция министрлигине жана Мамлекеттик департаментке түштүктөн АКШга кирген мыйзамсыз иммигранттарды чыгаруу боюнча чара көрүүнү тапшырды.

Буга чейин Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттардын киришин токтотуп, аларды экстрадициялоо процессин баштоону убада кылган. 21-январда ал АКШнын түштүк чек арасында өзгөчө кырдаалды жарыялаган.