Трамп өзүнө карата башталган импичмент процесстерине катышуудан баш тартты

U.S. President Donald Trump reacts during a campaign rally in Battle Creek, Michigan, U.S., December 18, 2019. REUTERS/Leah Millis? TPX IMAGES OF THE DAY - RC22YD9OIBTL

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп өзүнө карата башталган импичмент процесстерине катышпайт. Бул тууралуу Трамптын кеңешчиси Жейсон Миллерге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Президент мыйзамга ылайык келбеген процессте көрсөтмө бербейт», — деп билдирген Трамптын кеңешчиси.

Январь айында АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоого добуш беришип, экс-президентти импичмент жараянына көрсөтмө берүүгө эки жолу чакырышкан. Алардын айтымында Дональд Трамп январь айынын башында Капитолийде болгон башаламандык үчүн жооп бериши керек.

Анда ушул жылдын 6-январында Трамптын тарапташтары АКШда козголоң чыгарып, Капитолийди басып алышкан. Натыйжада эл менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылыш чыгып, адамдардын өлүмү катталган.