АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Орусиянын президенти Владимир Путин жакын арада макулдашууга барбаса, Орусия жаңы санкцияларга кабыларын билдирди.
«Менин оюмча, ал Орусияны жок кылып жатат. Эгер Путин макулдашууга барбаса, өлкөсүндө чоң көйгөйлөр болот деп ойлойм», — деди АКШ президенти Ак үйдө журналисттер менен сүйлөшүп жатып.
Трамптын айтымында, Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу үчүн келишим түзүүгө даяр.